Ноокен районунун чарбасы жана экономикасы   

Ноокен
райондук администрациясынын расмий сайты

Жаңылыктар Жарыя Токтомдор Буйруктар Мыйзамдар

Ноокен районунун социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн 2014-жылдын жыйынтыгы жана 2015-жылга коюлган милдеттер жөнүндө маалымат

Ноокен районунун ички дүң продукциясы (ИДП) 2014-жылдын жыйынтыгы менен 15 млрд 666 млн 267 миң сомдук продукция өндүрүлүп, план прогноз 107.4 % га аткарылып, 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 113,8% ды түздү, же болбосо 1 млрд 904 млн 837 миң сомдук продукция ашыгы менен өндүрүлдү.
Ички дүң продукциянын 13.9 % зын өнөр жай тармагы, 43.6 % зын айыл чарба тармагы, 33.3 зын чекене соода жүгүртүү, 3.5 % зын калкка акылуу кызмат көрсөтүү тармагы, 8,7 % зын капиталдык салымдар түздү.
Ички дүң продукциянын 43.6 % ын түзгөн айыл чарба тармагында жылдын жыйынтыгы менен 6 миллиард 163 млн 856 миң сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 102.6 % га же 158 млн 80 миң сомго ашыгы менен аткарылды. Мындан талаачылык боюнча 4 млрд 570 млн 277 миң 500 сом, ал эми мал чарбасы 1 млрд 593 млн 579 миң сомду түздү.
Районубуздун дыйкандары тарабынан 2014-жылы 3574 га аянтка буудай, 298 га аянтка шалы, 3033 га аянтка жүгөрү, 6700 га аянтка пахта, 2302 га аянтка жашылча, 921 га аянтка бакча, 221 га аянтка картошка, 763 га аянтка май өсүмдүгүн, 2194 га аянтка беде эгиндерин эгилди.
Талаачылыкта негизги дан өсүмдүгү болгон буудай эгүүдө быйылкы жылы 3 мин 578 гектар аянтка буудай эгилип, орточо 36.7 центнерден тушум алынды, же болбосо дүң жыйым 13 мин 128 тоннага камсыз болду. Мындан сырткары 6700 га аянка эгилген пахтадан ар гектардан 35 центнерден түшүм жыйналып, дүң жыйым 23450 тоннаны түзүп, 2013-жылга салыштырмалуу пахтанын түшүмдүүлүгү ар гектарынан 0,2 центнерден көп алынды.
Үрөн чарбалар боюнча токтолсок райондо айыл чарба өсүмдүктөрүн, айрыкча буудай менен пахтаны үрөнүн даярдоо боюнча 6 үрөн чарба иштеп жатат. Алар Шайдан айыл өкмөтүндө «Кенч» үрөн чарбасы, Масы айыл өкмөтүндө «Ак-Алтын», «Москва» үрөн чарбалары Ноокен айыл өкмөтүндө «Ноокен» үрөн чарбасы, Арал айыл өкмөтүндө «Абдыкерим-Агроном» үрөн чарбасы.
Үрөн чарбалар 568га суулуу айдоо жерди иштетет, анын ичинен кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен 192га үрөндүк буудай, пахта эгилген жер аянты 184 гектарды түзөт. Мындан үрөн өндүрүү үчүн берилген КБФнын жерлерин толугу менен пайдаланган үрөн чарбалар: «Ак-Алтын», «Москва», «Ноокен» үрөн чарбалары болуп эсептелет. Ал эми үрөн үчүн берилген КБФнын жерлерин толук пайдаланбаган үрөн чарбалар: «Кенч» үрөн чарбасы 69 га КБФнын жеринин 63 га үрөн үчүн буудай эккен же болбосо КБФнын жеринин 91%ын пайдаланган. Арал айыл өкмөтүндөгү «Калмамат-Бай» үрөн чарбасы 30га КБФнын жерине үрөн үчүн эмес башка эгиндерди эгип үрөн өндүргөн эмес.
Район боюнча үрөн үчүн эгилген 99га күздүк буудайдын ар гектарынан 31,4 центнерден түшүм жыйналып, дүң жыйым 310,6 тонна болгон, ал эми үрөн үчүн эгилген 85га пахтадан 38,7 центнерден түшүм жыйналып, дүң жыйым 329,2 тонна болгон.
Чарбалар боюнча даярдалган үрөндөргө токтолсок «Кенч» үрөн чарбасы 146 тонна күздүк буудайдын үрөнүн даярдаган.
«Ак-Алтын» үрөн чарбасы-20 тонна күздүк буудайдын, 24 тонна пахтанын үрөнүн даярдаган. «Москва» үрөн чарбасы -23 тонна пахтанын үрөнүн, «Абдыкерим-Агроном» үрөн чарбасы 20 тонна күздүк буудайдын, 17 тонна пахтанын үрөнүн даярдаган. Ал эми «Ноокен» үрөн чарбасы 64 тонна күздүк буудайдын үрөнүн, 38 тонна пахтанын үрөнүн даярдаган.
Жалпы район боюнча 2015-жылдын түшүмү үчүн 447.7 тонна буудайдын үрөнүн даярдоо керек болсо, бүгүнкү күндө 100 % га аткарылды. Анын ичинен 71 тоннасы 1-репродукция, 305 тонна 2-репродукция жана 71.7 тонна кийинки репродукциядагы үрөн. Мындан сырткары 102 тонна пахтанын үрөнү даярдалды. Мал чарбачылыгына токтолсок 2015-жылдын 1-январына карата ири мүйүздүү малдын саны 29044 болуп салыштырмалуу 106.9 % га өстү, кой-эчкилер 140834 болуп, 107.1 % га өстү, жылкы 1663 болуп, 117.3 % ды түздү, ошондой эле үй канаттууларынын саны 92575 ке жетип, 103.6 га көбөйгөн. Аталган тармакта 2014-жылдын 12 айында эт өндүрүү 2014-жылдын 12 айында 4725 тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 106 % га, сүт өндүрүү 28170 тоннаны түзүп, салыштырмалуу 101.8 % га, жүн өндүрүү 209.1 тоннаны түзүп, 108,3 %га, жумуртка өндүрүү 5235 миң даанага жетип, 101.5 % га камсыз болду.
Бүгүнкү күндө районубузда 4 ири мүйүздүү 3 кой чарбасы боюнча асыл тукум фермердик чарба иштеп жатат. 2014-жылы асыл тукум фермердик чарбалардан 747 баш асыл тукум кой козулар 55 баш асыл тукум ири мүйүздүү малдар жалпы суммасы 5305,0 миң сомго ички чарбаларга жана тышкы базарларга сатылды. Мындан Мурадил-Бай асыл тукум чарбасында жалпы 454 баш, Мамаш-Ата асыл тукум чарбасында 1500 баш, Чолпон-Ата асыл тукум чарбасында 250 баш гиссар породасындагы койлор багылууда. Мындан сырткары Надырбек асыл тукум чарбасында 42 баш, Т. Сатыбалдиев асыл тукум чарбасында 33 баш, Х. Тажибаев асыл тукум чарбасында 54 баш жана Береке асыл тукум чарбасында 52 баш Ала-Тоо породасындагы ири мүйүздүү малдар багылууда.
Район аймагында ири мүйүздүү малдарды асыл тукумдуулугун жогорулатуу максатында жасалма жол менен уруктандыруучу 7 пункт иштеп, жыл ичинде 104 төл алынды.
Райондук мамлекеттик ветеринария башкармалыгы тарабынан жыл ичинде аткарылган иштерге токтолсок:
Бруцелез оорусуна кан алып изилдөө боюнча 818 баш жылкыдан 1947 баш кой-эчкиден, 35268 баш ийри мүйүздүү малдан кан алып, текшерүүдөн өткөргөн. Текшерүүдө 24 баш ийри мүйүздүү малдан, 7 баш майда жандыктан бруцеллез оорусу аныкталып, алар Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде жумуштар аткарылды.
Күйдүргү оорусунун алдын алуу боюнча 2014-жылдын 12 айында 1917 баш жылкы, 45222 баш ийри мүйүздүү мал, 170031 баш кой, эчкиге эмдөө жүргүзүлгөн. Мындан сырткары райондун аймагындагы табылган 46 күйдүргү очокторуна жазгы жана күзгү залалсыздандыруу иштери толугу менен аткарылды.
Шарп оорусунун алдын алуу боюнча 35598 баш ири мүйүздүү мал жана 176 баш майда жандык эмделди. Бирок шарп оорусуна вакцина толук келбегендиктен мал ээлеринин эсебинен жеке менчик ветаптекалардын сатылып алынууда.
Кутурма оорусунун алдын алуу боюнча эпизоотиялык иш пландын негизинде иштер жүргүзүлүүдө. Ушул жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен жалпы район боюнча 3778 дейди иттер атылып жок кылынды. Бүгүнкү күнгө райондо 7 кутурма оорусу катталган. Алар Шайдан айыл аймагында 1 ири мүйүздүү малдан, 2 баш иттен, Масы айыл аймагында 1 иттен, Кочкор-Ата шаарында 1 иттен, Достук айыл аймагында 1 ири мүйүздүү малдан, Бүргөндү айыл аймагында 1 иттен кутурма оорусу аныкталган.
Учурда аталган башкармалыктын райондогу дыйкан базарларда 3 ветсанэкспертиза лабораториялары базардагы айыл чарба продукцияларынын сапатын текшерип келүүдө.
Ноокен райондук суу чарба башкармалыгы 2014-жылдын 12 ичинде капиталдык ондоо жумуштарына 3 млн 235 миң 800 сом пландаштырса, иш жүзүңдө 100 % га аткарылды. Каналдардын ремонтуна 1206.0 миң сом сарпталып, 43 км каналдар тазаланып оңдолду. Насостук станцияларды оңдоого 1629.0 миң сом сарпталып, 12 даана жогорку кубаттуулуктагы электро кыймылдаткычтар, 24 даана насостук агрегаттар оңдолду.
Жалпысынан алганда суу чарба башкармалыгы боюнча 12 ай ичинде эксплуатациялык чыгымдары 29360.0 миң сомду түздү.
Ошондой эле 2014-жылга 13 СПА менен келишим түзүлсө, 2015-жылдын 1-январына карата бир гана Ноокен – К СПАсы пайдаланган сугат сууга болгон төлөмдөрдөн 185000 сом райондук суу чарба башкармалыгына карыз . Ал эми башка СПАлар сууга болгон төлөмдөрүн өз убагында төлөшкөн.
Тоскоол –Ата токой чарбасы боюнча 2014-жыл ичинде токой эгүү план боюнча 22 га болсо, иш жүзүндө 30 га эгилди. Урук даярдоо боюнча 4794 кг план жеткирилсе, иш жүзүндө 3184 кг жыйналып, 66,4 % га аткарылды. Мындан сырткары токой чарба кызматкерлери тарабынан 2014-жыл ичинде жалпысы 10 токой мыйзамын бузуу фактысы катталып протоколдор түзүлүп, жалпы 46 миң 400 сом салынды. Анын ичинен токойго зыян келтирилген үчүн 38 миң сомдук доо коюлуп толук өндүрүлдү.
Тоскоол-Ата токой чарбасында 2014-жыл ичинде түшкөн кирешеси жалпы суммасы 2 млн 28 миң сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 86,7 % га аткарылды.
Кочкор-Ата токой чарбасында 2014-жыл ичинде токой эгүү план боюнча 30 га болсо, иш жүзүндө 100 % га аткарылды, ал эми толуктап эгүү 285 га жерди түзүп, планга карата 105 % га, питомник эгүү 0.66 га жерге эгилип, 100 % га аткарылды. Токой чарбанын жыл ичиндеги кирешеси 3833.8 миң сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 117,7 % га аткарылды.
Өнөр жай тармагында 2014-жылдын жыйынтыгы менен акчалай түрүндө белгиленген экономикалык прогноз 1 млрд 975 млн 691 миң сом болсо, иш жүзүндө 2 млрд 3 млн 204 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, аткаруу 101.4 % ды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылы 1 млрд 915 млн 802 миң сомду түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 104,6% ды түздү. Физикалык көлөмдө өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 100,1% түздү.
Өнөр жай тармагынын негизин түзгөн нефть өндүрүү 68.6 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу өсүү темпи 98.4 % ды түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде 69.7 миң тонна нефть продукциясы өндүрүлүп, салыштырмалуу 1.1 мин тоннага аз өндүрүлгөн. Анын ичинен “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому тарабынан 61.7 миң тонна нефть өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 100 % га аткарылды. Бирок жалпы “Кыргызнефтегаз боюнча алганда 74 миң тонна нефть өндүрүлүп, 2014-жылга белгиленген пландан 3 миң тонна аз өндүрүшкөн. ”Жаратылыш газы 32.5 млн куб метр өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 100 % ды түздү.
Нефть өндүрүүчү Кытай компаниялары 2013-жылдын ушул мезгилинде 8.0 миң тонна нефть өндүрсө, 2014-жылдын 12 айында 6.9 миң тонна нефть өндүрүшкөн, өткөн жылга салыштырмалуу 1.1 миң тонна аз нефть өндүрүшкөн, же болбосо 86,3 %ды түздү.
Бышкан кыш чыгаруучу 2 завод тарабынан 876.2 миң даана кыш чыгарылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 100.1 % га камсыз болду, же 1.2 миң даана кыш көп өндүрүлдү.
Мындан сырткары райондун аймагында бүгүнкү күндө 3 пахтаны кайра иштетүүчү завод 5204.8 тонна пахта буласын кайра иштетип, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 26.6 тоннага көп аткарылды. Алсак: Эмгек Берекеси пахтаны кайра иштетүүчү заводу 1027 тонна, Лиматекс 2137.8 тонна жана Белхлоппром пахта заводу 2040 тонна пахтаны кайра иштетишти.
Көмүр өндүрүүгө токтолсок райондун аймагынан көмүр өндүрүүчү 5 ишкананын күчү менен 2014-жылдын 12 айында 70229 тонна көмүр казылып, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 103.8 % га аткарылды.
Калкка акылуу кызмат көрсөтүү тармагында 549 млн 751 миң сомдук калкка акылуу кызмат көрсөтүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 115.6 % га же болбосо 74 млн 410 мин сомго ашыкча калкка акылуу кызмат көрсөтүлгөн.
Чекене соода жүгүртүү боюнча 5 млрд 705 млн 505 миң сомдук товар жүгүртүлүп экономикалык прогноз 118.6 % га аткарылды, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 137 % га аткарылды.
2014-жылдын 12 айында 209 миң тонна жүк ташылып өткөн жылга салыштырмалуу 100,3 % ды түздү. Жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү 85734 миң жүргүнчү – км түзүп өткөн жылга салыштырганда 107,2 % га камсыз болду. Райондун чакан жана орто ишкердүүлүк тармагы боюнча бүгүнкү күндө район боюнча райондук статистика башкармалыгынан жеке ишкер болуп күбөлүк алган ишкерлердин саны 7 миңдин тегерегинде , анын ичинен айыл чарбасында 5229 адам, соода тармагында 1910 адамды түзөт. Ал эми соода тармагында салык төлөп патент менен иштеген ишкерлердин орточо саны 800 ден ашты. Бүгүнкү күндө 2 кирпич завод, 1 ташты кайра иштетүүчү завод, 1 таш майдалоочу завод андан сырткары, соода ишиндеги жеке ишкерлер өз салымдарын кошууда. Райондун ички дүн продукциянын божомол менен 27-29% орто, чакан жана жеке ишкерлер өндүрүшөт. 2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата райондун аймагында жаңы ишканалар ачылып, райондун тургундарын тейлөөдө. Алар 10 соода түйүнү, 2 пилорама, 4 күнтосмо чыгаруучу цех, 2 эшик терезе чыгаруучу цех, 1 мончо, 1 курулуш материалдарын сатуу базар, 2 ашкана, 1 таш майдалоочу завод, 1 ташты кайра иштетүүчү заводдор жана башка ишканалар ачылды. Жаңы ачылган ишканаларда 250 айыл тургундары бүгүнкү күндө жумуш орду менен камсыз болду. Жумушчулардын орточо айлык маянасы 7-12 миң сомго чейин.
Райондогу чакан, орто жана жеке ишкерлердин күчү менен 2014-жылдын жыйынтыгында чекене соода жүргүзүүдө 5 млрд 705 млн 505 миң сом, калкка акылуу кызмат көрсөтүүдө 549 млн 751 миң сомдук продукциянын көлөмүн түздү. 2014-жылдын жыйынтыгына карата жалпы кичи жана орто ишкерлердин салымы менен 6 млрд 255 млн 256 миң сомдук көлөм көрсөтүлүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 106,1 % га аткарылды.
Райондо негизги милдеттердин бири инвестиция тартуу болуп эсептелет.
Капиталдык салымдар жана инвестицияларды тартуу 2014-жылдын 12 айында ичинде 1 млрд 243 млн 950 миң 100 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 103.6 % ды түздү. Жалпы тартылган инвестициянын 621 млн 915 миң 500 сомун ички инвестиция, ал эми 622 млн 34 миң 600 сомун тышкы инвестиция түзөт. Ички инвестициядан “Кыргызнефтегаз” ААКу тарабынан 309 млн 924 миң сомдук жабдуулар ишке киргизилди. Мындан сырткары жеке турак жай куруу 111 млн 991 миң сом, республикалык бюджеттен социалдык объекттердин курулушуна 61 миң 664 миң сом, жергиликтүү бюджеттен социалдык объекттерди курууга 20 млн 599 миң 300 сом жана башкалар. Ал эми тышкы инвестицияны алсак Кытайлык ОсОО “Южный Деррик” нефть өндүрүүчү ишканасы 159 млн 510 миң сом, ОсОО “КыргызжерНГ” ишканасы 115 млн 469 миң сом, ОсОО СанШанЮан ишканасы 273 млн 260 миң сомдук инвестиция алып келген.
Инвестиция тартууну айыл өкмөттөр арасында райондук статистика бөлүмүнүн маалыматы боюнча алганда Ноокен айыл өкмөтү 2014-жыл ичинде такыр инвестиция тартпаган, ал эми калган айыл өкмөттөр
Тартылган инвестициянын көлөмү (миң сом) өсүү темпи %
2013-жыл 2014-жыл
1 Шайдан 16020.0 6075.1 37.9
2 Масы 1624.3 14035.8 864.1
3 Арал 1216.2 1874.8 154.1
4 Ноокен 3040.8 0 0
5 Сакалды 41224.6 9309.2 22.5
6 Кочкор-Ата 18972.1 15851.1 83.5
7 Момбеков 6524.1 4942.8 75.7
8 Бүргөндү 12466.3 14099.8 113.1
Достук 0 17032.4

Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча аткарылган иштерге токтолуп кетейин:
Ноокен районун жергиликтүү бюджетинин жалпы кирешелеринин планы (салык эмес жыйындарды кошкондо) 2014-жылдын 12 айына 486 млн 515 миң сомду түзүп, иш жүзүндө 561 млн 735 миң сом киреше түштү же план 115,5 % га аткарылды. Ошондой эле салык жыйындарынан жылдык планга 470 млн 187 миң сом жеткирилсе, 477 млн 449 миң сом салык жыйналып, план 101,5 % га аткарылды. Анын ичинен республикалык бюджетке жылдык план 327 млн 312 миң сом белгиленсе, иш жүзүндө 329 млн 957 миң сом жыйналып план 100,8%га аткарылды. Жергиликтүү бюджетке жылдык план 142 млн 986 миң сом жеткирилсе, иш жүзүндө 147 млн 492 миң сом жыйналып, план 103,2% га аткарылды.
Жалпы салык жыйындарын жыйноо боюнча анализ жасап көрсөк 2014-жылы 2013-жылга салыштырмалуу 5 млн 540 миң сомго аз жыйналган. Тактап айтсак 2013-жылы 482 млн. 990 миң сом жыйналса 2014-жылы 477 млн. 449 миң сом жыйналып, салыштырмалуу 98,8%ды түздү.
Салык жыйындарынын түрү боюнча карап көрсөк, республикалык бюджеттин кошумча нарк салыгы 2013-жылы 120 млн 288 миң сом жыйналса, 2014-жылга белгиленген план 133 млн 503 миң сомду түзүп, жыйналганы 98 млн 937 миң сом араң жыйналып план 74,1%ды түздү же 34 млн 565 миң сом аз жыйналган. Өткөн 2013-жылга салыштырмалуу 21 млн 351 миң сомго аз жыйналып, 82,2%ды түздү. Резидент эместердин кирешесинен алынуучу салыктан 2013-жылы 23 млн 687 миң сом жыйналса, 2014-жылга белгиленген план 8 млн 522 миң сом түзүп, жыйналганы 816 миң сом араң жыйналып план 9,6%ды түздү же 7 млн 705 миң сом аз жыйналган. Өткөн 2013-жылга салыштырмалуу 22 млн 870 миң сомго аз жыйналып, 3,4 %ды түздү.
Районго 2014-жылга жалпы салык жыйымдарынын 25 түрүнөн план белгиленип, анын 4 түрү белгиленген планга жетпей калган. Атап айтсак пайыздан алынуучу салык 91,5%га, резидент эместердин кирешесинен алынуучу салык 9,6%га, кошумча нарк салыгы 74,1%га аткарылып, белгилеген план аткарылбай калган. Киреше салыгы боюнча айта кетсек бул салыктын 50%ы жергиликтүү бюджеттин, 50%ы республикалык бюджеттин эсебине түшөт. Киреше салыгынан районго 50 млн 700 миң сом план белгиленген болсо, 47 млн 195 миң сом жыйналып, план 93,1%га аткарылды. Бул салыктын түрүнүн планы аткарылбай калышынын себеби, белгиленген планды Сакалды айыл өкмөтү 93,9%, Момбеков айыл өкмөтү 95%, Бүргөндү айыл өкмөтү 94,7%, Кочкор-Ата шаардык мэриясы 89,2% аткарышып, план толбой калган.
Ал эми айыл өкмөттөрү жергиликтүү бюджеттин салык жыйындарынын жалпы жылдык планын аткарышканы менен, жергиликтүү бюджеттин салык жыйындарын жыйноодо негизинен Арал, Сакалды, Ноокен айыл өкмөттөрүндө иш жакшы жүрбөй бир нече жолу аты аталган айыл өкмөт башчылары, башкы бухгалтерлери, салык боюнча адистери менен райондук мамлекеттик администрациясында жыйналыштар өткөрүлүп, аларга катуу талаптар коюлуп, араңдан планга жеткиришти. Бирок ошого карабастан Арал айыл өкмөтү айыл чарба багытындагы юридикалык жер салыгын 94,8%га, кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысын 97,9%га аткарган. Калган айыл өкмөттөрү баардык жергиликтүү бюджеттин салык жыйымдарынын планын толук аткарышкан. Жалпы салык карыздарынын (недоимка) суммасы 2014-жылдын 1-январына карата 393,7 миң сомду түзгөн болсо, 2015-жылдын 1-январына карата 2696,8 миң сомду түзүп, жыл башына салыштырмалуу 2303,1 миң сомго көбөйгөн. Салык карыздарынын көбөйүшүнө себеп АК “Ноокенформация” кошумча нарк салыгынан 26,4 миң сом, ОсОО “Белхлопром” пахта заводу 2-топтогу кыймылсыз мүлк салыгынан 12,2 миң сом, ОсОО “Камила-К” сатуудан алынуучу салыктан 8,6 миң сом, ОсОО “СТЕН” айыл чарба эмес багытындагы жер салыгынан 15,4 миң сом, 2-топтогу мүлк салыгынан 2,4 миң сом, ОсОО Антрацит КОАЛ кен байлыктан алынуучу салыктан 8,8 миң сом. Ошондой эле жалпы салык карыздарынын 16,3% түзгөн жеке ишкер Тажикулова Гүлүмкандын киреше салыгынан 3,7 миң сом, сатуудан алынуучу салыктан 66,4 миң сом, пайдадан алынуучу салыктан 370,7 миң сом салык карыздарын төгүшпөгөндүктөн, булардын үстүнөн материалдар сотко өткөрүлүп берилип, соттун кароосунда турат.
Мындан сырткары жалпы салык карыздарынын 41,8% жеке менчик үлүш жер салыгынан 1128,0 миң сомду, 33,7% физикалык жактын 4-топтогу мүлк салыгынан 910,0 миң сомду түзөт.
Жалпылап айтканда салык карыздарынын (недоимка) суммасы жыл башына салыштырмалуу өсүп кетүүсүнүн себеби райондук салык кызматы тарабынан жетишээрлик деңгээлде эсеп учеттору жүргүзүлбөй, салык карыздарын кыскартуу боюнча конкреттүү иш чараларды жүргүзүшпөгөндүгүнүн негизинде өсүп кеткен. Ошондуктан Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгы тарабынан салык карыздарын кыскартуу боюнча өз деңгээлинде иш алып барбагандыгын белгилеп кетүү керек.
Ноокен районун жергиликтүү бюджетинин чыгашаларына 2014-жылга такталган планы 169745,8 миң сом суммасында каралган болсо, каржыланганы 153164,6 миң сомду түзүп планга салыштырмалуу 16581,2 миң сомго кем аткарылган же каржылоо планы 90,2 пайызга аткарылган.
Чыгашалардын планга салыштырмалуу кем аткарылышынын себеби негизинен айыл өкмөттөрүнүн чыгашаларынын анык кеткен чыгымына карата каржылоонун себебинен каражат үнөмдөлгөн, тактап айтканда эмгек акы фондусунан 132.7 миң сом, командировкалык чыгымынан 481,0 миң сом, байланыш чыгымынан 98,3 миң сом, транспорт чыгымынан 63,2 миң сом, санитардык чыгымынан 40,9 миң сом, түрдүү чыгымынан 9895,0 миң сом, медикамант чыгымынан 20,3 миң сом, учурдагы оңдоо чыгымынан 1269,6 миң сом, эмеректерди сатып алуу чыгымынан 601,7 миң сом жана резервдик фондусунан 191,9 миң сом үнөмдөлгөн.
Ал эми айыл өкмөттөрү тарабынан балдар бакчаларынын тамак ашка болгон нормативдерин аткарышпагандыгынын жана толук кандуу иштебегендигинин себебинен тамак аш статья чыгымы 189,3 миң сомго үнөмдөлүп калган. Анын ичинен Ноокен айыл өкмөтүнөн 46,3 миң сомго, Сакалды айыл өкмөтүнөн 137,2 миң сомго каржыланбай калган. Ошондой эле коммуналдык чыгымдарынан планга салыштырмалуу 3597,3 миң сомго каржыланбай калган, бул негизинен Кочкор-Ата шаарынын 2014-жылга коммуналдык чыгымдарга пландалган 15 млн 180,3 миң сомдун, 11 млн 591,4 сому каржыланып, калган 3588,9 миң сом акча каражаты Кочкор-Ата мэриясы шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн белгиленген планын аткарышпагандыгынын негизинен, каржыланган эмес.
Райондук айыл өкмөттөрүнүн жана Кочкор-Ата шаарынын бюджетинен каржылануучу мекемелердин эмгек акылары 2015-жылдын 1-январына карата толугу менен каржыланып берилди.
Коммуналдык чыгымдардын карызы айыл өкмөттөрү жана Кочкор-Ата шаары боюнча 2014-жылдын 1-январына карата 2848,8 түзсө, 2015-жылдын 1-январына карата 6738,1 миң сомду түзүп жыл башына салыштырмалуу 3889,3 миң сомго өсүп кеткен.
Коммуналдык чыгымдардын карыздарынын жыл башына салыштырмалуу өсүп кетүүсүнүн себеби айыл өкмөттөрүндө электр энергия лимиттери сакталбаган. Тактап айтканда айыл өкмөттөрүнө 12 айга 4938,1 миң кВт саат лимит каралса, иш жүзүндө 6251,7 миң кВт саатты түзүп, лимитке салыштырмалуу 1313,6 миң кВт саатка же 1 млн 970 миң сомго ашыкча электр энергиясын иштетишкен. Натыйжада жыл аягына 1 млн 675 миң сом карыз болушкан.
Анын ичинен 12 айга электр энергиясына Шайдан айыл өкмөтү 217 миң сом, Масы айыл өкмөтү 298 миң сом, Ноокен айыл өкмөтү 692 миң сом, Сакалды айыл өкмөтү 23 миң сом, Момбеков айыл өкмөтү 361 миң сом, Достук айыл өкмөтү 81 миң сом карыз болуп чыгышты.
Көмүргө болгон карыз боюнча Арал айыл өкмөтү 80 миң сом, Ноокен айыл өкмөтү 149 миң сом. Жалпысы болуп көмүргө болгон карыз 230 мин сомду түздү. Ошондой эле жалпы коммуналдык чыгымдардын карызынын 70,9%ын түзгөн Кочкор-Ата шаары боюнча жылуулук энергиясына болгон карызы, жыл башына салыштырмалуу 3 млн 467 миң сомго өсүп, 2015-жылдын 1-январына карата жылуулук карызы 4 млн 776 миң сомду түздү.
Кочкор-Ата шаарынын коммуналдык чыгымдарынан, тактап айтканда жылуулукка төлөнүүчү акча каражаттары жылдан жылга өсүүдө. Шаардын жылуулукка кетүүчү чыгымы 2014-жылга 15 млн 600 миң сомду түзгөн болсо. Бул акча каражатына болгону 3 мектеп 1 бала бакчасы, баары 4 обьект жылытылат. Башка айыл өкмөттөрүнө салыштырып көрсөк, мисалы Масы айыл өкмөтүндө 7 мектеп, 6 бала бакчасы, баары 13 обьектке жылытуу үчүн электр энергияга 2 млн 588 миң сом, көмүргө 850 миң сом, баары болуп 3 млн 438 миң сом сарпталат.
Жогорудагы салыштырууда белгилүү болгондой Кочкор-Ата шаары билим берүү мекемелерин электр энергиясы жана көмүр менен жылытуу системасына өткөрсө шаардын бюджетинде чоң финансылык үнөмдөө болуп, коммуналдык чыгымдарга болгон карыздар жоюлат эле.
Белгилеп айтып кетчү нерсе Бүргөндү айыл өкмөтү гана коммуналдык чыгымдардын баарын жоюп, 2015-жылга коммуналдык чыгымдардан карызы жок өткөн.
Ноокен райондук электр тармактар ишканасы 2014-жылдын 12 айына район боюнча 139 млн 362 миң квт саат электр энергиясынын лимити бөлүнсө, иш жүзүндө пайдаланылган электр энергиясы 154 млн 745 миң квт саатты же 111,0 % түздү (лимиттен ашыкча 15 млн 383 миң квт саат), анын ичинен 30 млн 704 миң квт саат же 19,8 %-жоготууга учураган, жалпы жоготуунун 17,8 %-техникалык, 2,0 %-коммерциялык жоготууга туура келет.
2013-жылдын ушул мезгилине лимит 135 млн 994 миң квт саатты түзгөн, иш жүзүндө пайдаланылган электр энергиясынын көлөмү 137 млн 794 миң квт саат, лимиттен ашыкча 1 млн 800 миң квт саатты түзгөн, 22 млн 138 миң квт саат э/э жоготууга учураган, же 16,1 % түзөт. 2013-жылга жылга салыштырмалуу лимиттен ашыкча 13 млн 583 миң квт саат электр энергиясы пайдаланылган.
2015-жылдын 1-январына карата район боюнча пайдаланылган электр энергияга болгон жалпы дебитордук карыз 10 млн 926 миң сом, өткөн жылдын ушул мезгилине (13 млн 372 миң сом) салыштырмалуу жалпы дебитордук карыз 2 млн 446 миң сомго азайган. Бир абоненттин карызы 318 сом 70 тыйын болсо, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (311 сом 50 тыйын) 7 сом 20 тыйынга көбөйгөн.
Ошондой эле пайдаланылган электр энергиясына болгон карыздарын төлөбөй жүргөн субьекттерге токтолсок:
1. Жергиликтүү бюджеттен: Шайдан а/ө – 191722 сом; Масы а/ө - 222657 сом; Момбеков а/ө - 284388 сом; Сакалды а/ө - 370011 сом; Ноокен а/ө - 503 622 сом.
2. Айыл чарбасы: Арал а/ө - Омурзаков Калмамат скважина – 50904 сом; Масы а/ө суу чарбасы - 216749 сом.
3. Республикалык бюджеттен: Ноокен райондук оорукана – 366837 сом; Республикалык медициналык реабилиатациялоо борбору – 344064 сом.
Бюджеттик мекеме-уюмдарга 2014-жылдын 12 айына бекитилген лимит 4938,1 миң квт/саат болсо (анын ичинен 193,6 миң квт саат Достук а/ө бекитилген Таш-Көмүр РЭС), калган 7 айыо/ө жана Кочкор-Ата шаарына бекитилген лимит 4744,5 миң квт саат, иш жүзүндө 4920,4 миң квт/саат электр энергия пайдаланылган, лимиттен ашыкча пайдаланылган электр энергиянын көлөмү 175,9 миң квт/саатты түзөт (анын ичинен 691,7 миң квт/с Сакалды а/о таандык).
Айыл округ Жалпы лимит квт.саат 01.01.15ж лимит 1.01.15ж сарпталг. сарпт. лим- % +ашык – экон. 01.04.13ж 01.02.14ж калдык
1 Шайдан 703,0 703,0 628,7 -74,3 -
2 Масы 974,7 974,7 1201,2 +226,5 -
3 Арал 476,8 476,8 374,7 -102,1 -
4 Ноокен 510,7 510,7 601,2 +90,5 -
5 Сакалды 720,3 720,3 1222,6 +502,3 -
6 Кочкор-Ата 338,1 338,1 180,1 -158,0 -
7 Момбеков 530,7 530,7 445,8 -84,9 -
8 Бүргөндү 490,2 490,2 266,1 -224,1 -
9 Достук 193,6 - Т-Көмүр РЭС -
Баары: 4938,1 4744,5 4920,4 +175,9

2014-жыл ичинде ишкана тарабынан райондун аймагында 6 даана кубаттуулугу көтөрө албаган трансформаторлор кубаттуу трансформаторлорго алмаштырылды, ал эми кубаттуулугу чектелген подстанцияга кошумча 3 даана подстанция орнотулду. Анын ичинен 2 даана 160 кВа, 1 даана 100 кВа. Мындан сырткары кошумча 5.19 км электр линиялар курулду, анын ичинен ВЛ-6 кВ – 1.29 км, ВЛ-10 кВ 0.8 км жана ВЛ- 0.4 кВ – 3.1 км. Кочкор-Ата шаарындагы “Жылуулук тейлөө” ишканасы боюнча 2015-жылдын 1-январына карата жалпы дебитордук карыз 13 млн 294 миң сом, анын ичинен республикалык бюджет 3 млн 314 миң сом, жергиликтүү бюджет 4 млн 777 миң сом, 5 млн 203 миң сом калкка туура келет. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы дебитордук карыз 3 млн 857 миң сомго көбөйгөн.
(Респ. Бюджет: Кочкор-Ата ТБ – 2559,1 миң сом; Н. Исанов ат. Интернат-гимназия – 715,3 миң сом. Жергиликтүү бюджет Кочкор-Ата мэриясы – 4776,7 миң сом. Калк – 5202,8 миң сом.) Кочкор-Ата мэриясына жылуулукка сарпталуучу каражат боюнча анализ жүргүзүүсү сунушталат.
2015-жылдын 1-январына карата күз-кыш мезгилин өткөрүүнүн абалы боюнча, жалпысынан социалдык обьектилерде жана калктын даярдыгы жакшы болгондуктан чоң проблемалар жаралган жок. Бирок төмөндөгү обьектилерде:
-№ 25 Кызыл-Туу, № 7 Төрөгельдиев, № 36 Мамаев атындагы орто мектептерде жана № 3 “Мээрим” балдар бакчасынын жылытуу системаларын жана отканаларын жаңыдан куруу жана монтаждоо иштеринин аткарылышы каражаттын (стимгрант) өз убагында подрядчиктерге берилбегендиктен, жумуштар кеч башталгандыгы себептүү жылуулук берүү, от жагуу мезгилинен 15-20 күнгө кечиктирилген. Мындан сырткары № 1 Ж.Боконбаев атындагы орто мектептин от казаны жарылып бир топ кыйынчылыктарга дуушар болду. Азыркы күндө экинчи от казандын кубаттуулугу толугу менен жылытууга күчү жетпей калууда. 22-январда жылуулукту өлчөгөндө класстарда 17-18 градус, коридордо 15-16 градус көрсөтүлдү.
Райондук № 51 –жол пайдалануу ишканасы боюнча 2014-жылдын 12 айында 32 млн 325 миң сомдук жумуш аткарылса, анын ичинен Ленинжол-Арал-Сакалды автожолунун 2 км аралыгын асфальттоо 10 млн 954 миң сом , Ленинжол-Арал-Сакалды автожолун бөдүрлөө 7 км 3 млн 529 миң сом, Коминтерн-Коммунизм автожолунун 0,7 км көпүрөө куруу 6 млн 966 миң сом, утурумдук ремонт иштери 8 млн 773 миң сом. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (30 млн 874 миң сом) аткарылган иштин көлөмү 104,7 % түздү.
«Кыргызтелеком» акционердик коомунун Ноокен райондук бөлүмүндө 2014-жылдын 12 айында тез ылдамдыктагы Интернет тарифтик план-чеги жок (безлимитный) кызматынын саны 500 же жыл башына салыштырмалуу 21 ге азайган, 2014-жылдын 12 айында жалпы дебитордук карыз 419,9 миң сомду түзгөн, анын ичинен республикалык бюджет 93,2 миң сом, мекеме-уюмдар 64,5 миң сом, жергиликтүү бюджет 25,4 миң сом (анын ичинен Ноокен а/ө - 3,5 миң сом, Арал а/ө - 2,7 миң сом), калктын карызы 230,5 миң сом. Жыл башына салыштырмалуу 220 миң сомго азайган.
Тарифтик киреше 9 млн 416 миң сомду түзүп, планга карата 84,7 % аткарылды. Өткөн жылга салыштырмалуу (8 млн 185 миң сом) 115,0% түздү. Райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы боюнча
Райондун курулуш тармагында 2014-жылдын 12 айында жеке менчик турак жайларды куруу үчүн калктын эсебинен 111 млн 991 миң сом каржыланып 144 даана, же 13800 м2 аянттагы турак-жай бүткөрүлүп пайдаланууга берилген, анын ичинен 24 турак-жай Кочкор-Ата шаарында, 120 турак-жай айылдарда. Өткөн жылга салыштырмалуу 103,6 %ды түзөт.
2014-жылдын ичинде районубуздун жеке ишкерлеринин капиталдык салымдарынын негизинде 45 млн 708 миң сом өздөштүрүлүп, районубуздун аймагында төмөндөгү обьектилер курулуп пайдаланууга тапшырылды:
Чайкана-2; Коммерциялык дүкөндөр-13; Мечит 7; Ашкана-3; Кичүү базар 1; СТО-4; Медициналык борбор-1; АЗС-1; Пекарня-1 жана башкалар. Ошондой эле районубуздун курулуш уюмдарынын өз күчтөрү менен аткарылган подряддык иштердин көлөмү 12 ай ичинде 118 млн 130 миң сомдук, өткөн жылга салыштырганда 122,1% түздү.
Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2014-жылдагы табийгат кырсыктарын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш планына киргизилген обьектилерде жумуштар аткарылган, бирок төмөндөгү обьектилерде: - Шайдан айыл өкмөтүнүн Кыргоо айылындагы Нургазы, Кыргоо, Сайдулла колотторуна жалпы узундугу 200 метр болгон сел кармоочу тосмо куруу каралган, бирок айыл өкмөт тарабынан кепилдик каты берилбегендиктен жумуш аткарылган жок.
- Масы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылында 450 метр жаңыдан сел каналын чабуу каралган болсо, канал айыл тургундарынын там аркасынан жана үлүш жерлеринен өткөндүктөн айыл тургундары тарабынан чабуу иштерине макулдук берилбеген.
-Масы айыл округунун Эски-Масы сайынын жээгинде 160 м аралыкта авариялык калыбына келтирүү иштери кеч башталгандыктан жумуш 60 %га аткарылып 2015-жылга калтырылган.
Кара-Үнкүр жана Шайдан-Сай дарыяларынын жээктеринде авариялык абалдагы участкаларда капиталдык жана өз калыбына келтирүү боюнча жээк бекемдөө иштери 2014-жылдын иш-планынын негизинде областтык Сел жана Суу ташкындарынан коргоо бөлүмү тарабынан аткарылды.
Райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгы 2014-жылдын 12 айына 6 млн сом план кабыл алса, аны 8 млн 6 миң сомго аткарып, планга карата 133.4 % га, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 134.4 % га камсыз болгон. Анын ичинен каттоо бөлүмү белгиленген планды 157.7 % га, ал эми жер кадастры бөлүмү 110.7 % га аткарышкан.
Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун райондук бөлүмү тарабынан Япон өкмөтүнүн гранттарын кайтаруу 2014-жылдын жыйынтыгына карата 101,3 % га аткарылды.
Бюджеттик ссудаларды кайтаруу 12 ай ичинде 130,9 % га аткарылды.
Кытай Эл Республикасынан алынган гранттарды кайтаруу 102,9 % га аткарылып, жалпысынан карыздарды өндүрүү боюнча канааттандыраарлык деңгээлде иш алып барылып жаткандыгын белгилей кетиш керек.
Райондун тургундарына кредит берүү боюнча бир кыйла жакшы көрсөткүчтөр болду. 2014-жыл ичинде “РСК банкынын” райондук бөлүмү тарабынан 260 адамга 117 млн.180 миң сомдук кредит берилди. Анын ичинен: айыл чарбасына 105 адамга 77 млн 230 миң сом, соода сатык жана башка түрлөр үчүн 55 адамга 39 млн 950 миң сом кредит берилди.
“Айыл Банктын” райондук бөлүмү тарабынан 1432 адамга 180 млн 241 миң сомдук кредит берилди. Анын ичинен: айыл чарбасына 1349 адамга 152 млн 95 миң сом, соода сатык жана башка тармактарга 50 адамга 17 млн 610 миң сом, 11 адамга 10 млн 536 миң сомдук 11 даана айыл чарба техникалары кредитке берилди. Ошондой эле АКШ долларында соода сатык, кызмат көрсөтүү, мал чарба тармактарына 22 адамга 267 миң 200 долларлык, 1 адамга 17 мин 521 долларлык 1 даана айыл чарба техникасы кредитке берилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жеңилдетилген 10%дык айыл чарба кредиттерин берүүдө “Айыл банкынын” райондук бөлүмү тарабынан 316 адамга 84 млн 715 мин сом, күрөөсүз 50 миң сомго чейинки чакан кредиттен 970 адамга 45 млн 950 миң сом. “РСК банкынын” райондук бөлүмү тарабынан 198 адамга 75 млн сом, “КИСБ” банкынын райондук бөлүмдөрү тарабынан 186 адамга 31 млн 960 мин сом, “Оптима банктын” райондук бөлүмү тарабынан 43 адамга 8 млн 430 мин сом, жана “Бакай банктын” райондук бөлүмдөрү тарабынан 6 адамга 1 млн 780 мин сом кредиттер берилди. Жалпысынан районубуздун дыйкандарынан 1719 адамга 247 млн 835 мин сомдук кредиттер берилди.
Элибиздин бейпилдигин сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу башкы максаттардын бири болууга тийиш.
Райондук ички иштер бөлүмүндө
Райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Президенттин жана Өкмөттүн “Кылмыштуулуктун алдын алуу жана аны болтурбоо жөнүндөгү” мамлекеттик программаларын ишке ашырууда райондук мамлекеттик администрациясы, райондук укук коргоо органдары жана коомдук күчтөр менен биргеликте оперативдик кызматтык жана профилактикалык иштерди тийиштүү деңгээлде жүргүзүп келишүүдө. Андыктан райондук ички иштер бөлүмүндө катталган кылмыштардын бетин ачуу, атуулдардын коомдук коопсуздугун сактоо боюнча бир топ жумуштарды аткара алышты, алсак 2014-жыл ичинде райондук ички иштер бөлүмүнүн каттоо китепчесинде-1161 кылмыш иши катталган алардын ичинен арыз даттануулар, кылмыштын белгилери жок болгондуктан-1004 кылмыш иш козгоодон баш тартылган, ал эми жалпы тергөөнүн өндүрүшүнө-210 кылмыш иши өтүп, андан козголгону-151, тергелгени-192, соттун кароосуна-177 кылмыш иши жөнөтүлгөн. Кылмыштуулуктун бетинин ачылышы 92,2 %ды түздү. Жол транспорт кыймылынын коопсуздук бөлүмчөсү багытында 2014-жыл ичинде райондун аймагында катталган жол транспорт кырсыктардын саны 105ти түзүп, мындан каза болгону 33, ал эми денелеринен жарат алгандары 183кө жетип, ооруканаларга кайрылышкан.
Жаш өспүрүмдөр арасында 30 жол кырсыгы катталган, андан каза болгону 6, денесинен жарат алгандары 32 түздү.
Баардык катталган жол жүрүү эрежелерин бузган айдоочулардын саны 4297 түзүп, анын ичинен спирттик ичимдигин ичип авто унаа башкарган 138 айдоочуга административдик протоколдор түзүлгөн.
Жыйынтыгында былтыркы жылга салыштырмалуу жол транспорт кырсыктарынын саны 17ге, ал эми каза болгондордун саны 5ге көп катталган. Калкты паспорт менен камсыз кылуу багытында район боюнча 2014-жылдын жыйынтыгы менен жалпысынан 10361 жаран паспорт менен камсыздалган. Мындан “ID” кард-5925 болсо, жалпы жарандык паспорт алгандардын саны 3518 жаранды түздү.
Биз өткөн жылга анализ жасоо менен жаңы 2015-жылга алдыбызга план милдеттерди коюп, анын реалдуу түрдө аткарылышын камсыз кылуу максатында иш жүргүзүүбүз зарыл.
- 2015-жылга өнөр жай тармагында нефть, газ өндүрүүдө, пахта буласын кайра иштетүүдө жылдык көрсөткүчтү 100 % дан жогору аткаруу, физикалык көлөмдүн индексинин өсүшүн камсыз кылуу үчүн бардык чараларды пайдалануу;
- Өнөр жай ишканаларынын стабилдүү иштешин камсыз кылуу;
орто жана чакан бизнести өнүктүрүү үчүн айыл жериндеги ишкерлердин санын көбөйтүү;
- салык базаларын кеңейтүү үчүн көмүскөдөгү мүмкүнчүлүктөргө мониторинг жүргүзүү;
- жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү;
- сугат сууну берүү үчүн чарбалар аралык каналдарды жана ички чарбалык арыктарды тазалоо;
- Малдардын породалуулугун жогорулатуу жана жугуштуу ыландарынын алдын алуу боюнча иш алып баруу.

Погода в Кыргызстане


Курс валют