Ноокен районунун тарыхы   

Ноокен
райондук администрациясынын расмий сайты

Жаңылыктар Жарыя Токтомдор Буйруктар Мыйзамдар

Ноокен Баатырлардын Мекени

Ноокен району Жалалабат облусу гана эмес түштүк жергесиндеги экономикасы өнүккөн, табияты кооз, климаты дыйканчылыкка төп келген, республикалык маанидеги жаратылыш байлыктары бар, мал киндиктуу, күнөстүү, кут даарыган Баатырлардын Мекени.
Ноокендиктер алдыга койгон максатынын майын чыгара аткарып, балын таткан, ак эмгектен мандай тер төгүп 14 Баатыр тапкан, пейли кенен, дили таза,беттегенин бербеген, конок келсе кел деген, ак көнүл, меймандос, Айкөл эл эл.
Ноокен району 1928-жылы Базар-Коргон менен бирге түзүлүп, 1934-жылы Масы району бөлүнүп чыгат. 1937-жылы Масы районуна В.И.Лениндин ысымы берилет. 1963-жылы Базар-Коргон району менен кайрадан биригип, Ленин району деп аталып, борбору Ленин-Жол (азыркы Масы) айылы болуп калат. 1978-жылы эки район кайрадан бөлүнөт. 1992-жылдын февраль айында райКенештин 1Х сессиясынын чечими менен Ноокен району деп аталат. Ноокен фарсы тилинен кыргызчага которгондо: «Ноо-жаңы, Кен-жер», же «Жаны жер» дегенди билдирет.Ноокен районунун борбору Масы айылы.
Мына ошентип, 1928-жылдан тартып Ноокен районунун чыныгы тарыхы башталат. Өз мезгилинде какыраган талаа, тикен баскан аймактар азыр айыл чарбасы өнүккөн, республикалык маанидеги өнөр жайга ээ, социалдык жана маданий тармактары калайыктын күндөлүк турмушуна кызмат кылган керемет дүйнөгө айланган.
Райондун өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошуп, Ата Журт үчүн ак кызматын аябай кыргыз элинен биринчи генералдык наамды алууга жетишкен Эргеш Алиев, Социалисттик Эмгектин Баатырлары Матай Абдираимов, Калдар Мамасалиев, Эшенкул Жусупов, Абдуллажан Казаков, Өскөнбай Каипов, Кадырмат Султанов, Кушназар Юнусалиев, Саадат Ногоева, Петр Тимофеевич Слюсаренко, Камал Султанов, Маткалык Амадалиев, Юсуп Момбеков, Шамшидин Сүйөркулов, Малик Акчабаев жана жүздөгөн баатырга тете эмгеги сиңген ата-апаларыбыз, ага-эжелерибиздин басып өткөн жолу биз үчүн көөнөрбөс байлык, түгөнгүс кенч.
Кыргызстандагы коомдук жана экономикалык мамилелердин өнүгүү процессинде, жарандык коом менен укуктук мамлекетти калыптандырууда, улуттук жана улуттар аралык баалуулуктардын салттарын өркүндөтүүдө Ноокен району дайыма башкаларга үлгү болуп келген жана боло берет. Деген менен райондун атагын алыска чыгарып, экономикалык жана социалдык өсүп-өнүгүү жолуна салууда районду башкарган жетекчилерге чоң роль таандык. Атап айтсак 1934-жылдарда жетектеген саясий жана коомдук ишмер, акын жана жазуучу Молдогазы Токобаев,1951-1957 жылдарда жетектеген Кадырмат Султанов, Кушназар Юнусалиев, 1971-78 жылдарда жетектеген Маматказы Эргашев, аялдардан райкомдун секретары болуп иштеген Кимсан Маматова, Бүбүна Бокоева, Светлана Сыдыковалардын эмгектери эч качан элибиздин эсинен кетпейт.
Райондун жалпы аянты,географиялык абалы,жаратылыш ресурстары.
Райондун жалпы аянты-247342 гектарды түзөт. Анын ичинен сугат жери-18980 гектар, жайыт-148132 гектар,токой-62564 гектар, турак жай массиви-3955 гектар, жана башка жерлер-38529 гектарды ээлейт.
Район Чыгыштан Базар-Коргон району, Батыштан жана Түндүк Батыштан Аксы району, Түндүктөн Токтогул району, Түштүктөн жана Түштүк Батыштан Өзбек республикасы менен чектешет. Түштүк жана түштүк Батыш тарабы түзөң, деңиз деңгээлинен 600-800 метр бийиктикте,түздүктөр Түндүкт карай бийиктеп олтуруп, деңиз деңгээлинен 4485 метр бийиктиктеги Бабаш-Ата тоосуна чейин жетет. Кең байлыктардан нефть, газ, Кочкор-Атанын үстүнөн дарылык касиети бар ысык суу чыгат. Климаты жылуу, континенталдуу, жылдын төрт мезгили туура келет.
Райондун аймагы 8 айылдык, 1 шаардык округдан, 2 токой чарбадан турат. Шайдан, Масы, Арал, Ноокен, Сакалды, Момбеков, Бүргөндү, Достук айылдык округдарында жашаган эл негизинен дыйканчылык жана мал чарбасы менен, Кочкор-Ата шаар округунда жашагандар өнөр жай ишканаларында, окуу жайларда, базар, тейлөө борборлорунда эмгектенишет.
Тоскоол - Ата жана Кочкор-Ата токой чарбалары 62564 гектарга созулуп, анда карагай, арча, ак чечек, терек, кара жыгач, мөмө берүүчү өсүмдүктөрдөн жаңгак, мисте, бадам, алма, алча, алмурут, карагат, долоно, айбансары, жийде өсөт.
Жаныбарлардан кара кийик, элик, аркар, каман, түлкү, кашкулак, суур, коен, карышкыр,чоо, кекилик, кыргоол, бүркүт, улар, тала тоок жана башка куштар мекендешет.
Алаш, Тоскоол-Ата, Казар-Мазар, Көчкөн-Терек, Алчалуу-Майдан,Шыңгыма, Сере, Чилмайран сыяктуу табияты кооз токой, жайлоолору, жети колду бириктирген касиеттүү Көлкупан-Ата көлү бар.
Райондун аймагында Шайдан-Сай, Тоскоол сайлары, ал эми айыл чарбасына пайдалануучу негизги суулар Базар-Коргон районунун «Кара-Үнкүр», Сузак районунун Кара-Дарыя, Тундук Батыштан Нарын дарыяларынан алынат.

Погода в Кыргызстане


Курс валют